АКШнын Атланта шаарындагы баш аламандык...

Окуянын Миннесота штатында афро-америкалык Жорж Флойддун камакка алынып жатанда зомбулук менен өлтүрүлүшүнөн кийин эки жумадан көпкө узабай болушу шаардагы чыңалууну дароо алоолонтуп жибергени айтылууда.

1435711
АКШнын Атланта шаарындагы баш аламандык...
abd atalanta 2.jpg
abd atalanta 1.jpg
abd atalanta.jpg

АКШнын Атланта шаарында Африка тектүү бир кишинин полиция тарабынан атылышынан кийин башталган нааразычылык акциялары зомбулук окуяларына айланды.

Жоржия штатынын борбору Атлантада жума күнү кечинде африка тектүү Райшард Брукстун электрошок тапанчаны полицияга багыттаганы боюнча атылып өлтүрүлүшүнөн кийин башталган наарызычылык акциялары бир күн бою уланды.

Атланта полициясынын шефи Эрика Шиелдс кызматтан кетүү арызын жазса, окуя болгон ресторандын алдында нааразылык акциялары уюштурулду.

Кечинде шаардагы трассаны жаап салган демонстранттарга полиция күч колдонду.

Андан соң окуя болгон ресторандын алдында от жагылып Брукстун өлүмүнө нааразылык билдирилди. Көп өтпөй ресторан өрттөлдү.

Полиция менен демонстранттардын ортосунда маал-маалы менен кагылышуулар болуп жатса, полициянын көп сандаган демонстрантты камакка алганы билдирилди.

Брукс жума күнү кечинде ресторандын «машинага тейлөө» убагында күтүп жатып унаасында көзү илинип кеткен, андан соң полициянын аны ойготкону боюнча ортосунда талаш чыккан.

Унаасынан инип полициянын электрошок тапанчасын алган Брукстун тапанчаны полицияга багыттаган учурда ок атылып каза тапкан.

Окуянын Миннесота штатында афро-америкалык Жорж Флойддун камакка алынып жатанда зомбулук менен өлтүрүлүшүнөн кийин эки жумадан көпкө узабай болушу шаардагы чыңалууну дароо алоолонтуп жибергени айтылууда.

Өлкөнүн бир топ шаарында дагы деле Флойд үчүн нааразычылык акциялары өтүүдө.



Тектеш кабарлар