Йеменде 23 000ден ашуун бала эмделди

ДСУнун маалыматында Кувейт берген жардам менен 2019 -  жылы Йеменде 5 жашка чейинки 23 433 баланын жугуштуу ооруларга каршы эмделгени белгиленди.

1429032
Йеменде 23 000ден ашуун бала эмделди

Йеменде 2019 -  жылы 23 000ден ашуун бала жугуштуу ооруларга каршы эмделди.

Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму ДСУнун Йемендеги кеңсесинин твиттерден берген маалыматында Кувейт берген жардам менен 2019 -  жылы Йеменде 5 жашка чейинки 23 433 баланын жугуштуу ооруларга каршы эмделгени белгиленди.

Маалыматта балдардын коргоосуз топордун арасында орун алганы жана Йемен ичинде орун алган кризистен таасирленгени белгиленип, уюмдун балдарды коргоо максатында аракет кылганы билдирилди.

ДСУ май айынын башында  узун убакыттан бери болуп келе жаткан жарандык согуштан улам саламаттык сактоо инфраструктурасы кыйраган Йеменде калктын жарымынын жаңы тип коронавирустан таасирленери тууралуу эскерткен.

 

 



Тектеш кабарлар