Ооганстанда Чалгындоо имаратына кол салуу; 7 киши набыт болду

Кол салууну Талибан моюнга алды.

1419310
Ооганстанда Чалгындоо имаратына кол салуу; 7 киши набыт болду

Ооганстандын Газне провинциясындагы Чалгындоо имаратына бомба жүктөлгөн унаа менен болгон кол салууда 7 киши каза тапты.

Газне губернаторлугунун басма сөз катчысы Вахидуллах Жумазадех, басма сөзгө берген маалыматында кылмышкердин бомба жүктөлгөн унаа менен Газненин борборундагы чалгындоо имаратын бутага алганын айтты.

Жумазадех, кол салууда 7 чалгынчынын каза болгонун, 40нын да жаракат алганын белгиледи.

Жаралуулардан 8нин абалынын оор экенин айткан Жумазадех, каза болгондордун санынын көбөйүшүнөн санааркап жаткандарын билдирди.

Кол салууну Талибан моюнга алды.

 



Тектеш кабарлар