Дональд Трамп Кытайдагы өлүм - житимдер тууралуу билдирди

Дональд Трамп Кытайдагы Ковид- 19дан улам өлүм- житимдердин билдирилгенден башка жана жогору экендигин ортого салды.

1400537
Дональд Трамп Кытайдагы өлүм  - житимдер тууралуу билдирди

АКШнын президенти Дональд Трамп Кытайдагы Ковид- 19дан улам өлүм- житимдердин билдирилгенден башка жана жогору экендигин ортого салды. Трамп твиттерден Ковид- 19 эпидемиясынын декабрь айында чыккан Кытай туралуу маалымат берди.

Жаңы тип коронавирус үчүн «көрүнбөс душман» деген Трамп маалыматында буларды айтты : «Кытай көрүнбөс душмандан улам каза болгон киши санын эки эсе арттырган маалымат берди. Негизинен каза болгондордун саны билдирилгенден дагы жогору жана АКШдагы өлүм- житимдерден дагы көп. АКШ Кытайдын жакынына да жакындай албайт».

Кытайдын Хубэй аймагына караштуу Ухань шаарынын башкаруусу кечээ вируска байланыштуу каза болгон киши санын карап чыкты жана адан мурда каза болгон 2 579 кишиге 1 290 кишини дагы кошуп жалпы каза болгон киши саны 3 869 киши экендигин жарыялаган. Акыркы абал боюнча өлкөдө жалпы каза болгондордун саны 4 632ге жетти.



Тектеш кабарлар