Европа Биримдигинен Суданга COVID-19 колдоосу
Судандын премьер-министри Абдуллах Хамдук, Евробиримдиктин Эл аралык өнөктөштүк боюнча комиссары Ютта Урпилайнен менен телефон аркылуу сүйлөштү.
1398281
Европа Биримдиги Суданга жаңы типтеги коронавирус менен күрөшүүдө 80 миллион евролук колдоо көрсөтөт.
Судандын расмий кабар агенттиги, премьер-министр Абдуллах Хамдуктун Евробиримдиктин Эл аралык өнөктөштүк боюнча комиссары Ютта Урпилайнен менен телефон аркылуу сүйлөшкөндүгүн билдирди.
Маалыматта Урпилайнендин Европа Биримдигинин Суданга 80 миллион евролук колдоо көрсөтө тургандыгын айтканы белгиленди.
Судандын саламаттык сактоо министри Экрем Али ет-Тут, Ковид-19 менен күрөшүүдө 120 миллион доллар керек экенин билдирип, премьер-министр Хамдук да кайрымдуулук акциясын баштаган болчу.
Бүгүнкү күнгө чейин 4 киши каза тапкан өлкөдө 29 кишиде вирус аныкталды.