Батыш өлкөлөрүндө коронавирус дагы деле күч алууда

Дүйнөдө коронавирустун себебинен каза болгондордун жалпы саны 110 миң 827ге жетти.

1396650
Батыш өлкөлөрүндө коронавирус дагы деле күч алууда

Дүйнөнүн жалпысында жаңы типтеги коронавирустун (СOVID-19/Ковид-19) себебинен каза болгондордун саны 110 миң 827ге жетип, жуктуруп алгандардын саны 1 миллион 800 миңден ашты. Ал эми айыгып чыккандардын саны 412 миңден ашты.

Пандемиянын очогу абалындагы АКШда Ковид-19дун айынан каза тапкандардын саны акыркы 24 саатта 1 миң 831ге өсүп 20 миң 608ге жетти. 530 миңден ашуун киши да вирусту жуктуруп алган өлкөдө Нью-Йорк 8 миң 650 өлүм жана 18 миң бейтап менен биринчи орунда турат.

Италияда Ковид-19 пандемиясынан каза тапкандардын саны акыркы 24 саатта 431ге көбөйүп 19 миң 899га жогорулады. Жуктуруп алгандардын саны 102 миңден ашты.

Францияда коронавирустан каза тапкандардын саны акыркы 24 саатта 561ге өсүп 14 миң 393кө жетти. Вирус аныкталган киши саны болсо 132 миң 591 болду.

Англияда Ковид-19дун себебеинен каза тапкандардын саны акыркы 24 саатта 737ге көбөйүп 10 миң 612 деп катталды, ооруну жуктуруп алгандардын саны 5 миң 288ге өcүп 84 миң 279ге жеткен өлкөдө бүгүн мөөнөтү толо турган  карантиндин узартылышы күтүлүп жатат.



Тектеш кабарлар