"Марс-2020" космостук кемесине «Perseverance» ысымы берилди

Космостук кеменин ысымын белгилеш үчүн сынак уюштурулду.

1373589
"Марс-2020" космостук кемесине «Perseverance» ысымы берилди

Американын Улуттук авиация жана космостук агенттиги (НАСА), Кызыл планета Марска жөнөтө турган космостук кемесинин ысымынын «Perseverance» (туруктуулук) деп белгиленгендигин билдирди.

НАСАнын билдирүүсүндө, «Марс-2020» иликтөө кемесинин ысымынын белгилениши үчүн АКШнын ар кайсы штаттарынан жазылган дилбаяндардын арасында уюштурулган сынакты «Perseverance» атын сунуштаган виржиниялык 11 жаштагы Александр Мазердин утуп алгандыгы маалымдалды.

Билдирүүдө Мазердин июлда Флоридадагы «Cape Canaveral» космодромунан коскостук кеменин учурулушун көрүү үчүн чакырыла тургандыгы белгиленди. 

Учуруу күнү 2020-жылдын 17-июлу деп белгиленген «Perseverance» кемесинин Марстагы Жезеро кратерине 2021-жылдын 18-мартында коноору пландалып жатат.

НАСАнын Марс-2020 миссиясында планетанын астробиологиялык перспективадан иликтениши жана геологиялык процесстеринин изилдениши максатталууда. 



Тектеш кабарлар