Путин менен Меркель сүйлөштү

Эки лидер телефон аркылуу эмнени сүйлөштү?

1371176
Путин менен Меркель сүйлөштү

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Германиянын канцлери Ангела Меркель телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Кремлдин билдирүүсүндө, Путин менен Меркелдин телефондо сүйлөшкөндөрү маалымдалды.

Эки лидердин Сириядагы кырдаалды кеңири талкуулагандары белгиленген билдирүүдө: «Сүйлөшүүдө Идлибде күчөгөн чыңалуу каралды жана ушул алкакта 5-мартта Москвада өтө турган Түркия-Орусия жыйынынын натыйжалуу жыйынтыкталышына карата каалоо-тилектер айтылды» деген сөздөргө орун берилди.

Ошондой эле сүйлөшүүдө Ливиядагы абал туурасында да пикир алмашылгандыгы жана Германиянын борбор шаары Берлиндеги Ливия конференциясында чыгарылган чечимдердин ишке ашырылышынын маанисинин баса белгиленгендиги билдирилди.



Тектеш кабарлар