Ливия Хафтер менен аскердик,саясий жана экономикалык сүйлөшүүлөрүнүн бардыгын токтотту

Бул тууралуу маалыматты Ливиядагы "Ал-Ахбар" телеканалында сөз сүйлөгөн Сарраж жарыялады.

1362772
Ливия Хафтер менен аскердик,саясий жана экономикалык сүйлөшүүлөрүнүн бардыгын токтотту

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) багытындагы мыйзамдуу Ливиянын Улуттук ынтымак өкмөтүнүн премьер-министри Файиз эс-Сарраж, өлкөнүн чыгыш жагындагы мыйзамсыз куралдуу күчтөрдүн лидери Халифе Хафтер менен БУУнун карамагында жүргүзүлгөн саясий, аскердик жана экономикалык бардык сүйлөшүүлөрдү токтоткондорун жарыялады.

Ливиядагы "Ал-Ахбар" телеканалында сөз сүйлөгөн Сарраж, Хафтер согушкерлеринин ок атпоого карай уланып жаткан процессти бузууларынын себебинен Швейцариянын Женева шаарында БУУнун карамыгнда ишке ашкан эки тараптан тең 5тен өкүл катышкан 5-5 аскердик сүйлөшүүлөр менен катар «экономикалык жана саясий берки сүйлөшүүлөрдүн дагы токтотулгандыгын» айтты.

Хафтер террористтери мурдагы күнү борбор шаар Триполинин соода портуна эки башка снаряд атуусунун себебинен  3 жаран каза таап, 5 киши жаракат алган.

БУУнун Ливия тууралуу сунуштаган жана Берлин конференциясына катышкан өлкөлөр колдогон чечүүчү жол картасында туруктуу ок атпоонуу камсыздоо үчүн эки тараптан тең 5тен өкүлдүн катышуусунда 5-5 аскердик жолугушуулар, экономикалык сүйлөшүүлөр жана саясий жолугушуулар болуп каршы тараптарды жолугуштура турган үч башка жол картасын белгилеген болчу.

Ливиянын Улуттук ынтымак өкмөтү түн ортосунан кийинки жарыясы менен Хафтерге караштуу террористтердин Триполи портуна кол салууларынын себебинен Швейцариянын Женева шаарындагы 5-5 форматында пландалган аскердик комитет жыйналышына катышууну токтотту.

 



Тектеш кабарлар