Индонезияда адамзаттык өнүгүү жана маданият министри жакырдыкты азайтуу үчүн сунушун билдирди
Мухаджи Эффенди бай кишилердин кирешеси төмөн болгон кишилер менен үй - бүлө курушун сунуш кылды.
Индонезияда адамзаттык өнүгүү жана маданият министри Мухаджи Эффенди жакырчылык катнашын азайтуу үчүн бай кишилердин кирешеси төмөн болгон кишилер менен үй - бүлө курушун сунуш кылды.
«Jakarta Post» гезитинин кабарына караганда министр Эффенди дүйнөнүн калкы эң көп өлкөсүндө бай кишилердин кирешеси төмөн болгон кишилер менен үй - бүлө курушу менен улуттук жакырдык катнашынын азайышына салым кошорун айтты.
Өлкөдө 15 миллионго жакын аз кирешелүү үй - бүлөнүн бар экендигин айткан Эффенди материалдык жактан астыңкы жана жогорку киреше ээлеринин арасындагы турмуш куруулар менен экономикалык жактан ырааттуу үй - бүлөлөрдүн курулушун максат кылгандарын белгиледи.
Эффени өзгөчө дин иштери боюнча министр Фахрул Разиге жакырларды байкоого алган үй - бүлө куруу сунушуна байланыштуу фетва чыгарышын талап кылды.
Дүйнө банкынын маалыматтарына караганда 267 миллион калктуу Индонезияда 115 миллионго жакын киши экономикалык жактан орточо кирешенин астында.
Тектеш кабарлар
Израилдин Газа тилкесиндеги кол сауулары...
Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсү жарыяланды.