Орусия Израилди жүргүнчү учагын коркунучка салуу менен айыптады

Орусиянын коргоо министрлиги Израилдин Сириядагы абадан кол салууларынан улам бир жүргүнчү учагын коркунучка салгандыгын жана Хмеймим базасына конууга  мажбур болгондугун билдирди.

1355161

Орусиянын коргоо министрлигинин катчысы Игорь Конашенков борбор шаар Москвада журналисттерге берген маалыматында Израилдин аскердик учактарынын 6 -  февралда түнү Дамаскка абадан кол салгандыгын белгиледи.

Дамаск аэропортунун жакындарына жасалган кол салууларда 172 кишини ташыган Airbus-320 моделиндеги жүргүнчү учагын да коркунучка салгандыгын айткан Конашенков : «Израилдин кол салууларынын айынан жүргүнчү учагы Хмеймим базасына конууга мажбур болду»,- деди.

Израилдин кол салууларын Сирия аба аянтына кирбестен ишке ашыргандыгын айткан Конашенков : «Израиль армиясы жүргүнчү учактарын калкан катары колдонууда»,- деди.

Тектеш кабарлар