Жалпы дүйнөдө ар бир 45 кишиден бирөөсү гуманитардык жардамга муктаж

БУУ Гуманитардык жардам координациясы офиси тарабынан даярдалган «Глобалдык гуманитардык жардам 2020» отчету билдирилди.

1317499
Жалпы дүйнөдө  ар бир 45 кишиден бирөөсү гуманитардык жардамга муктаж

Жалпы дүйнөдө ар бир 45 кишиден бирөөсү тамак  -аш, баш калкалоо, саламаттык сактоо кызматы, коргонуу жана башка негизги жардамдарга муктаж.

БУУ Гуманитардык жардам координациясы офиси тарабынан даярдалган «Глобалдык гуманитардык жардам 2020» отчету Швейцариянын Женева шаарында өткөн жыйында билдирилди.

Отчет Афганстан, Буркина Фасо, Бурунди, Камерун, Борбордук Африка Республикасы, Чад, Конго Демократиялык Республикасы, Эфиопия, Гаити, Ирак, Ливия, Мали, Мьянма, Нигер, Нигерия менен басып алынган Палестин аймагы, Сомали, Түштүк Судан,  Судан, Сирия, Украина, Венесуэла жана Йемендеги муктаждыктарга таяндырылды.

«2019 -  жылы бир жыл мурункусуна караганда дагы көп киши гуманитардык жардамга муктаж.  Мунун себеби ойлогонубуздан  дагы көп киши кагылышуу жана климаттык алмашуудан таасирленди»,- деп билдирилди.

Көп сандаган баланын куралдуу кагылышууларда өлтүрүлгөндүгүн же майып болгондугун баса белгилеген Lowcock : «Климаттык алмашуу, кагылышуу жана экономикалык ыраатсыздык миллиондогон кишини таасир астына алууда»,- деди. Отчетто 2020 -  жылы 168 миллион кишинин гуманитардык жардамга жана коргоого муктаж болору белгиленди.

Бир тараптан  OCHA тарабынан өткөрүлгөн жыйында ЮНИСЕФ жетекчилери 64 өлкөдө 59 миллион балага жетишүү үчүн 4, 2 миллиард доллар жардамдын берилерин белгиледи.

Жетекчилер ЮНИСЕФтин эң көп жардамы 864, 1 миллион доллар менен сириялык качкындарды алган Түркия, Ирак, Ливан, Иордания менен Египетке жасай тургандыгын, Йеменге 535 миллион доллар, Сирияга 294, 8 миллион доллар, Конго Демократиялык Республикасына 262, 7 миллион доллар, Түштүк Суданга да 180, 5 миллион доллар бөлүнгөндүгүн белгиледи.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар