Орус газын Кытайга жеткире турган «Сибирдин күчү» кууру иштей баштады

Сочиде өткөрүлгөн аземге Орусиянын президенти Путин менен Кытайдын президенти Цзиньпин телеконференция аркылуу катышты.

1316210
Орус газын Кытайга жеткире турган «Сибирдин күчү» кууру иштей баштады

Орус газын Кытайга жеткире турган «Сибирдин күчү» кууру бүгүндөн тарта иштей баштады.

Орусиянын Сочи шаарында өткөрүлгөн аземге телеконференция аркылуу катышкан Орусиянын президенти Владимир Путин жана Кытайдын президенти Си Цзиньпиндин буйругу менен орус газын Кытайга ташуу иши башталды.

Путин бул жердеги сөз сүйлөөсүндө долбоордун маанисине токтолуп: «Сибирдин күчү куурунун негизинде Кытайга 30 жылдын ичинде триллиондогон газ жөнөтүлөт»,-деди.

Дүйнөдөгү эң ири газ экспорттоочулардын бири болгон Орусия, бул долбоордун алкагында дүйнөдөгү эң ири импортоочулардын бири болгон Кытайга 30 жыл бою жылына 38 миллиард куб метр газ жөнөтөт.



Тектеш кабарлар