Мексикадагы ок атышууда 21 киши каза тапты

Түндүк-чыгыш Картелинин мүчөлөрү экендиги божомолдонгон куралчан кишилер менен коопсуздук күчтөрүнүн ортосунда бир саатка созулган ок атышууда 4ү полиция, 21 киши каза тапты.

1315883
Мексикадагы ок атышууда 21 киши каза тапты

Мексикада коопсуздук күчтөрү менен куралдуу кишилердин ортосунда болгон кагылышууда 21 киши каза тапты.

Мексиканын АКШ чек араларында орун алган Коауила провинциясынын губернаторлугу куралдуу кишилердин жүк машиналар менен Вилла Юнион районунда жергиликтүү башкаруунун имараттарына кол салганын жана буга каршы федералдык жооптуу кызматкерлердин ок атканын маалымдады.

Түндүк-чыгыш Картелинин мүчөлөрү экендиги божомолдонгон куралчан кишилер менен коопсуздук күчтөрүнүн ортосунда бир саатка созулган ок атышууда 4ү полиция, 21 киши каза тапты.

Айрым мэрия кызматкерлеринин дагы деле табылбай жатканы билдирилди.

Мексикада 2006-жылы картелдер менен болгон күрөштө ушул убакка дейре 300 миңден ашуун киши каза тапты. 340 миңден ашык мексикалык жерлеринен ажыратылган процессте орто эсеп менен 40 миң киши жоголду.

120 миллион калктуу Мексикада өткөн жылы маанилүү бөлүмү баңги зат картелдери менен байланыштуу болгон 35 миң 964 кылмыш кылынды.

Өлкөдө 2017-жылы 32 миң 79 киши өлтүрүлсө, быйыл киши колдуу болгондордун саны алгачкы 11 айда 26 миңге жетти.



Тектеш кабарлар