Самаодогу кызамыктан 25 киши каза болду
Түштүк Тынч океанында Самаодогу кызамыктан улам каза болгондордун саны 25ке жетти.
Түштүк Тынч океанында Самаодогу кызамыктан улам каза болгондордун саны 25ке жетти.
Самао өкмөтүнөн берилген маалыматта өткөн айдан бери өлкөнү таасири астына алган кызамыктан улам 5 жаштан кичүү болгон 24 баланын каза болгондугу белгиленди. Маалыматта каза болгондордун арасында 30 таштардагы бир кишинин да бар экендиги, ушул кезге чейин 2 миң 200 кызамык оорулуусунун аныкталгандыгы билдирилди.
Саламмтык сактоо боюнча жетекчилер 200 миң калкутуу өлкөдө өткөн жумада кызамыктан улам көпчүлүгү балдар болгон 6 кишинин каза болгондугун билдирген.
Өкмөт кызамыктан улам 16 - ноябрда чукул абал жарыялаган. Чукул абал жарыялангандан кийин мектептер жабылып, балдардын коомчулукка ачык жерлерде жүрүшүнө тыюу салынып, элге кызамык эмдөөсүн алуу жолдомосу берилген.
Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму жана ЮНИСЕФтин маалыматына караганда Самаодо кызамык эмдөөсүнүн катнашы 2013 - жылы 70 пайыз болгон болсо бул катнаш өткөн жылы 30 пайыздан төмөндөдү.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.