Германияда мурунку президенттин уулу киши колдуу болду

Германияда 1984 – 1994 – жылдары президент болгон Ричард фон Вейцзеккердин уулу Фриц фон Вейцзеккер бычакталып өлтүрүлдү.

1309329
Германияда мурунку президенттин уулу киши колдуу болду

Германияда 1984 – 1994 – жылдары президент болгон Ричард фон Вейцзеккердин уулу Фриц фон Вейцзеккер бычакталып өлтүрүлдү.

Берлин полициясынан берилген маалыматта Schlosspark клиникасында доклад окуган кишинин бычактуу кол салуучу тарабынан өлтүрүлгөндүгү, кол салууга кийлигишкен бир кишинин да оор жаралангандыгы билдирилди. Маалыматта кол салуучунун окуя болгон жерде кармалып камоого алынгандыгы белгиленди.

Немис медиасы да каза болгон кишинин Германиянын мурунку президенти Ричард фон Вайцзеккердин  Schlosspark клиникасында  ички оорулар бөлүмүндө дарыгер болуп иштеген уулу Фриц фон Вейцзеккер экендигин, полициянын да бул ысымды ырастагандыгын жазды.



Тектеш кабарлар