Афганстанда бомбалуу кол салуу болду

Кол салууда 7 киши каза тапты.

1305486
Афганстанда бомбалуу кол салуу болду

Афганстандын борбор шаары Кабулда бомба жайгаштырылган унаа менен жасалган кол салууда 7 киши каза тапты.

Ички иштер министрлигинин катчысы Насрат Рахими журналисттерге берген маалыматында Кабул аэропортунун артындагы Касим проспектисинде бомба жайгаштырылган унаа менен кол салуу жасалгандыгын айтты. Кол салууда алгачкы белгилөөлөргө караганда 7 жарандын каза болгондугун айткан Рахими 7 кишинин да жаралангандыгын белгиледи.

Көргөн күбөлөр кол салуучунун бутасында аймактан өтүп бара жаткан бронетранспортер экендигин ортого салды. Кол салууда аймактагы бардык үй жана иш жерлеринин айнектери сынып, кол салуу болгон проспект унааларга жабылды. Кол салууну азырынча эч ким моюнга ала элек.

 



Тектеш кабарлар