«IMX-19» деңиз машыгуусу башталды

«IMX-19» деңиз машыгуусуна АКШнын Деңиз күчтөрү менен катар 56 өлкө жана 7 эл аралык уюмдун катышып жаткандыгы белгиленди.

1299690
«IMX-19» деңиз машыгуусу башталды

Эл аралык «IMX-19» деңиз машыгуусу АКШнын катышуусунда Бахрейнде башталды.

Сауд Арабиянын Коргоо министрлигинин жазуу түрүндөгү маалыматына караганда, Сауд Арабиянын королдук деңиз күчтөрү, эл аралык деңиз машыгуусуна катышуу үчүн Бахрейндеги Салман деңиз базасына барды.

Деңиз күчтөрүн баш калаа Манамадагы Сауд Арабиянын аскердик атташасы Фед бин Ибрахим аль-Сенийян тосуп алды.

Маалыматта, бүгүн башталган «IMX-19» деңиз машыгуусуна АКШнын Деңиз күчтөрү менен катар 56 өлкө жана 7 эл аралык уюмдун катышып жаткандыгы белгиленди.

Машыгуунун биринчи баскычында эл аралык деңиз соодасы жана багыттоо эркиндиги боюнча теориялык билим бериле тургандыгы, экинчи баскычында болсо эл аралык деңиз транспортуна багытталган коркунучтарды жок кылуу максатында машыгууга катышкан баардык кемелердин деңизде сүзө тургандары билдирилди.

Машыгуунун качан аяктай тургандыгы жөнүндө маалымат берилген жок.



Тектеш кабарлар