АКШ Афганстандагы аскер санын азайтты

АКШ Афганстандагы аскер санын 2 миңге азайтты.

1292413
АКШ Афганстандагы аскер санын азайтты

АКШнын Афганстандагы Чечкиндүү Колдоо Миссиясынын командири, армиянын генералы Остин Скотт Миллер кызматка келген акыркы бир жылдын ичинде Афганстандагы аскер санын 2 миңге азайтышкандарын билдирди.

АКШнын коргоо министри Марк Эспер менен бирге Афганстандын борбор шаары Кабулда өткөргөн пресс – жыйында армиянын генералы Миллер : «Коом тарабынан көп билинбеген бирок оптимазация процессинин бир бөлүгү катары бул жердеги аскердик күчүбүздүн санын 2 миңге жакын азайттык»,- деди.

Бул тууралуу кийинчерээк маалымат берген АКШнын Афганстан күчтөрүнүн катчысы полковник Сонни Леггетт өткөн жылы АКШнын өлкөдөгү аскер саны 15 миң жана азыркы учурдан баштап 13 миңге жакын экендигин белгиледи. Чыгарылган күчтөрдүн көпчүлүгүнүн Кабул штабынан экендигине көңүлдөрдү бурган полковник Леггетт бул абалдын Афганстандан чыгуу менен байланыштуу эмес, жалпы абалдын бир бөлүгү экендигин баса белгиледи.

 



Тектеш кабарлар