Азезде террордук кол салуулар болду

Сириянын түндүгүндө Түркия чек арасындагы Азез районунда удаама-удаа террордук кол салуулар болду.

1271703
Азезде террордук кол салуулар болду

Сириянын түндүгүндө Түркия чек арасындагы Азез районунда удаама-удаа болгон террордук кол салууларда эки жаран каза тапты, бир жаран жаракат алды.

Аскердик оппозициячылдардын көзөмөлүндөгү Азездин райондук борборунда жана дароо анын артынан райондун чыгыш жагындагы Нидде айылында бомбалуу террордук кол салуу болду.

Райондун борборунда бир үйдүн кире беришине жайгаштырылган жарылуучу заттын жарылуусунун себебинен бир жаран мерт кетти, Ниддеде болсо бир унаага жайгаштырылган бомбанын жарылуусунун себебинен бир жаран каза таап, бирөө жаракат алды.

Кол салуулардын себебинен зыянга учураган жерлерде жергиликтүү коопсуздук күчтөрү коопсуздук күзөттөрүн арттырды.

Террордук кол салууларды азырынча моюнга алган эч ким чыга элек.

 



Тектеш кабарлар