Идлибдеги кол салуу

Кол салууда бир жаран каза болуп, беш жаран жараланды.

1248055
Идлибдеги кол салуу

Сирияда Башар Асад режиминин Бидама  аймагына жасаган кол салуусунда бир жаран каза болуп, беш жаран жараланды.

Асад режими Идлиб араздашууну азайтуу аймагынын чектериндеги Хан Шейхун району Бидама аймагына, Хаманын түндүк элетинде Кефер Зита менен Латамине райондоруна жана Зекат айылына пулемет, ракета жана артиллерия сыяктуу куралдар менен кургактыктан кургактыкка кол салуу жасады.

Жарандык коргонуу булактарынан алынган маалыматка караганда Идлибдин батыш жагындагы Бидама аймгына жасалган кол салууларда бир аял каза болуп, беш жаран жараланды.

Асад режими жана колдоочуларынын Түркия менен Орусиянын Идлиб макулдашуусуна кол койгон 2018 -  жыл 17 -  сентябрдан бери ок атышпоолорду бузуу менен  жасаган кол салууларда 750 миңден ашуун жаран жерлерин таштап кетишти.

Сирия Адам Укуктары Желеси Башар Асад жана колдоочуларынын Идлиб араздашууну азайтуу аймагына 26 -  апрель жана 27 -  июль күнү жасаган кол салуусунда 781 кишинин каза болгондугун жарыялаган. Алардын ичинен 208зи бала, 140кы аял болгон.



Тектеш кабарлар