Ливиядагы акыркы абал

Ливияда Улуттук макулдашуу өкмөтү генерал Хафтерге караштуу күчтөргө таандык учкучсуз учуучу аппаратты атып түшүрдү.

1247433
Ливиядагы акыркы абал

Ливияда Улуттук макулдашуу өкмөтү генерал Халифе Хафтерге караштуу күчтөргө таандык учкучсуз учуучу аппаратты атып түшүргөнүн жарыялады.

Улуттук макулдашуу өкмөтү баштаткан «Буркан эл-Габад операциясынын» фейсбук барагында жарыяланган билдирүүдө, Ортоңку сакердик аймакка караштуу күчтөрдүн, Хафтер күчтөрүнө таандык «wing long» үлгүсүндөгү учкучсуз учуучу аппаратты атып түшүргөнү белгиленди.

Учкучсуз учуучу аппаратка таандык фотосүрөттөр дагы бөлүшүлгөн жарыяда, учкучсуз учуучу аппараттын Триполинин 200 чакырым чыгыш жагындагы Мисрата шаарында жарандык буталарга кол салганы белгиленди.

Анда кол салуунун учкучсуз учуучу учактын түшүрүлгөнүнө жооп иретинде болгону белгиленди.

Бул уурда Митига эл аралык аэропортуна ракета түшүшүнүн себебеинен каттамдар токтотулганы маалымдалды.


Этикеткалар: #Ливия

Тектеш кабарлар