Европа Биримдигинен Украина тууралуу билдирүү

Европа Биримдиги Украинанын көз карандысыздыгы, эгемендиги жана жеринин бүтүндүгүн колдогондугун билдирди.

1232490
Европа Биримдигинен Украина тууралуу билдирүү

 Европа Биримдиги Украинанын көз карандысыздыгы, эгемендиги жана жеринин бүтүндүгүн колдогондугун билдирди.

Борбор шаар Киевде 21 -  Украина  - Европа Биримдиги саммити Украинанын президенти Владимир Зеленский, Европа Биримдиги Кеңешинин төрагасы Дональд Туск, Европа Биримдиги Комиссиясынын төрагасы Жан Клод Юнкердин катышуусу  менен өттү.

Украинанын тышкы иштер министрлиги жыйындан кийин Зеленский, Туск жана Юнкердин орток билдирүүсүн жарыялады.

Маалыматка караганда саммиттин катышуучулары Европа Биримдигинин Ортоктук Келишими жана Эркин Соода Келишиминин негизинде Украинанын Европа Биримдиги менен экономикалык интеграциясын жана саясий биримдигин күчтөндүрүүгө карата чечкиндүүлүктөрүн кайталады.

Маалыматта : «Европа Биримдиги Украинанын эл аралык кабыл алынган чек аралардагы көз карандысыздыгына, эгемендигине жана жеринин бүтүндүгүнө болгон колдоосун баса белгиледи»,- деп билдирилди.

Орусия 2014 -  жылы Крымды аннекция кылып, сепаратисттер Украинанын чыгышында өз башкаруусун жарыялашкан.



Тектеш кабарлар