Түркия Сауд Арабия жана Буркина Фасодогу кол салууларды айыптады

Асир аймагындагы Эл аралык Абха аэропортуна кечээ Йемендеги хусилер тарабынан кол салуу жасалып жана түрдүү улуттагы 26 киши жараланган.

1217965
Түркия Сауд Арабия жана Буркина Фасодогу кол салууларды айыптады

Түркия Сауд Арабиянын Абха аэропортуна жасалган ракеталык кол салуу жана Буркина Фасодо болгон террордук кол салууну айыптады.

Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта : «2019 -  жыл 12 -  июнда Сауд Арабиянын Абха  аэпортуна жасалган жана көп сандаган кишинин жараланышына жол ачкан ракеталык кол салууну айыптайбыз. Кол салууда жаралангандардын бат айыгып кетишин каалайбыз. Йемендеги  крисизке саясий чечүүчү жолдун табылышы максатында БУУнун жол башчылыгында жүргүзүлгөн аракеттерге зыянын тийгизе турган күч жана провакациядан алыс туруу керек»,- деп билдирилди.

Асир аймагындагы Эл аралык Абха аэропортуна кечээ Йемендеги хусилер тарабынан кол салуу жасалып жана түрдүү улуттагы 26 киши жараланган.

Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта да Буркина Фасонун түндүгүндөгү Арбинда шаарынын жакындарында болгон жана көп киши каза болуп, жараланган террордук кол салуудан санааркоолордун болгондугу белгиленди.

Маалыматта : «Бул кол салууну айыптап, бир тууган Буркина Фасо элине жана өкмөтүнө көңүл айтабыз жана жаралуулардын бат айыгып кетишин каалайбыз»,- деп билдирилди.

Буркина Фасонун Арбинда шаарынын жакындарында жекшемби күнү түнкү сааттарда куралдуу кишилердин тегерекке туш келди ок атышы менен 19 киши каза болуп, 13 киши жараланган. Көп сандаган үй да өрттөлгөн кол салууда жүздөгөн киши корккондуктан үйлөрүн таштап кетишти.



Тектеш кабарлар