Орусиянын президенти В. Путинден Түркия  - Орусия кызматташууна мактоо

Путин : "Кээ бир өлкөлөрдүн көз карандысыздыктары чектелип жатат".

1214943
Орусиянын президенти В. Путинден Түркия  - Орусия кызматташууна мактоо

Орусиянын президенти В. Путин Санкт Петербург эл аралык экономикалык форумунда сүйлөгөн сөзүндө Түркия менен Орусиянын энергетика тармагындагы кызматташуусуна баа берди.  Түштүк Агым жана Түндүк Агым сыяктуу долбоорлорунун терсине Түрк Агым долбоорунда Түркия менен Орусиянын ортосундагы ийгиликтүү кызматташтыкты баса белгилеген Путин сөзүн төмөнкүчө улантты : "Түркия менен Түрк Агымдын курулушу тууралуу келиштик жана президент Р. Т. Эрдогандын саясий эрктүүлүгү жана өлкөсүнүн көз карандысыздыгын көзөмөлгө алышы менен долбоор абдан ылдам түрдө акырына чыгуу баскычына келди. Алдыбыздагы айларда долбоор ишке кирет. Европалык досторубуз каалаша турган болсо жаратылыш газды башка багыттан алышат".

Европада кээ бир өлкөлөрдүн жалгыз өздөрүнүн чечим чыгара албагандарына көңүлдөрдү бурган Путин : "Кээ бир өлкөлөрдүн көз карандысыздыктары чектелип жатат. Эми болсо Түрк Агымы долбоору менен Европага жаратылыш газ өткөрүүнүн жолдору түрдөнөт",- деди.

Болгариядан өтүшү пландалган Түштүк Агым жаратылыш газ долбоорунун Европанын кысымынан улам  токтотулгандыгын  эске салган Путин : "Долбоордун жоюлушу менен Болгария 3 миллиард долларлык инвестиция жана миңдеген кишини жумуш менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн жоготту. Бул баары үчүн капалантуучу абал",- деди. 

 

 



Тектеш кабарлар