Путин Орусиянын Коопсуздук кеңешин чогултту

Дмитрий Песков, Путиндин Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен Идлибдеги абалды талкуулаганын билдирди.

1212300
Путин Орусиянын Коопсуздук кеңешин чогултту

Орусиянын президенти Владимир Путин, Орусиянын Коопсуздук кеңешин чогултуп Сириянын Идлиб аймагындагы абалды карап чыкты.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, Путиндин Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен Идлибдеги абалды талкуулаганын билдирди.

Песков: «Жыйналышта өзгөчө уланып жаткан кол салуулар жана террорист бомбалоолору тууралуу санааркоолор сөз кылынды»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар