Орусия АКШга Түркия тууралуу каршылык көрсөттү
Президент Р. Т. Эрдоган менен улуттук коргоо министри Хулуси Акар бир топ жолу Орусия менен бул келишимден кайтууга болбой тургандыгын баса белгилеген.
Түркиянын Орусиядан С - 400 абадан коргонуу системасын сатып алуусуна карата АКШдан келген сындарга Москва башкаруусунан да жооп келди. Кремль Түркиянын Орусия менен ортосундагы С - 400 келишимин мажбурлоо менен жоюга аракет кылып, булардын ордуна Американын Патриот системасын алуусуна байланыштуу ультиматумдарынын кабыл алынгыс экендигин билдирди.
Кремлдин катчысы Дмитрий Песков АКШнын Түркиянын С - 400 абадан коргоо системасын алышына карата мамилесинин тескери экендигин белгилеп : «Анкаранын айтканындай ; С - 400 келишими бүттү, бүткөн келишим»,- деди.
Президент Р. Т. Эрдоган менен улуттук коргоо министри Хулуси Акар бир топ жолу Орусия менен бул келишимден кайтууга болбой тургандыгын баса белгилеген.
Тектеш кабарлар
Кытайдын космос станциясындагы тайконавт тобу Жерге кайтып келди
Шинкоу-17 космостук капсуласы Гоби чөлүндөгү Дунфин талаасына конду.
Нетаньяху Рафахка кургактан кол салуу темасында көшөрүүдө
Израиль менен Хамастын ортосундагы туткун алмашуу сүйлөшүүлөрү кыйыр түрдө уланууда.