Орусия Иран менен экономикалык сооданы улантууга чакырды

АКШ өзөктүк келишимден 2018 -  жылы май айында бир тараптуу чыгып Иранга карата санкцияларды кайра алып келген.

1198964
Орусия Иран менен экономикалык сооданы улантууга чакырды

Орусия чет элдик мамлекеттерге Иран менен сооданы улантууга чакырды.

Орусиянын тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Ирандын өзөктүк келишимдеги убадаларынын бир бөлүгүн токтотуу чечиминин Москва тарабынан «түшүнүшүү» менен кабыл алынгандыгы белгиленди.

АКШнын өзөктүк келишимдин негизинде Иранга карата таштаган кадамдар сынга алынган маалыматта : «АКШ өткөн жылы келишимден чыгып БУУнун чечимин тебелеп эле калбастан Иранга карата бир тараптуу чектөөлөр ишке ашырылып жана башка өлкөлөргө да саясий кысым жасап Иран менен нормалдуу экономикалык карым  - катнаш курууларына тоскоол болууга аракет кылды. Бул кадамдарды айыптайбыз»,- деп билдирилди.

Тегерандын  келишимдин негизинде өзүнө берилген экономикалык кирешеден пайдалана албагандыгы белгиленген маалыматта : «Келишимге тарап болгон бардык өлкөлөргө милдеттерин орундатууга жана Иранды да келишимдин алкагындагы милдеттеринен дагы көп алыстабоого чакырабыз»,- деп билдирилди.

Иран менен экономикалык карым  - катнаштардын токтотулбашы керектиги баса белгиленген маалыматта : «Чет өлкөлөр энергия соодасы да болгон Иран менен экономикалык карым  - катнаштарды чектебеши керек»,- деп айтылды.

Москва менен Тегерандын ортосунда Ирандагы кээ бир өзөктүк комплекстерге карата кызматташуунун да улантылары баса белгиленген маалыматта : «Ирандын Бушехир өзөктүк станциясынын жана Фордо уранды байытуу комплексинин өнүктүрүлүшүнө колдоо берүүнү улантабыз»,- деп билдирилди.

АКШ өзөктүк келишимден 2018 -  жылы май айында бир тараптуу чыгып Иранга карата санкцияларды кайра алып келген.

 



Тектеш кабарлар