Багдатта болгон кол салуу

Багдатта жасалган жан кечтилик кол салууда каза болгондордун саны жетиге жетти.

1198858
Багдатта болгон кол салуу

Ирактын борбор шаары Багдатта жасалган жан кечтилик кол салууда каза болгондордун саны жетиге жетти.

Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда Багдаттын чыгышындагы Садр аймагына караштуу Ел  - Жемиле районундагы базарда бир жан кечтилик кол салуучусу денесине жайгаштырылган бомбаны жардырды.

Кол салууда 7 кишинин каза болгондугу билдирилди. Андан мурда берилген маалыматта кол салууда бир кишинин каза болгондугу, 8 кишинин да жаралангандыгы белгиленген болчу.

Багдатта акыркы айларда террор жана кол салуулардан алыс ырааттуулук чөйрөсү өкүмдүк кылып жаткан.

 



Тектеш кабарлар