Орусия Ирандын чечиминен АКШнын жооптуу экендигин айтты

Кремлдин катчысы Дмитрий Песков Ирандын өзкөтүк келишимдеги убадаларынын бир бөлүгүн токтотуу чечими тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп берди.

1197571
Орусия Ирандын чечиминен АКШнын жооптуу экендигин айтты

 Орусия Ирандын өзөктүк келишимдеги убадаларынын бир бөлүгүн токтотушунун АКШнын ойлонбостон таштаган кадамдарынын жыйынтыгы экендигин билдирди.

Кремлдин катчысы Дмитрий Песков Ирандын өзкөтүк келишимдеги убадаларынын бир бөлүгүн токтотуу чечими тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Ирандын чечиминин АКШнын өзөктүк келишимден чыгышынан келгендигине көңүлдөрдү бурган Песков : «Орусиянын президенти В. Путин Вашингтон тарабынан Иранга карата ойлонбостон ташталган кадамдардын жыйынтыгы тууралуу көптөгөн жолу сүйлөштү. Мунун жыйынтыктарынын ортого чыга баштагандыгын көрүп турабыз»,- деди.

Песков келишимди күчүндө кармоо үчүн орус дипломаттардын европалыктар жана өнөктөштөрү менен байланышты уланткандыгын билдирди.

Ирандын президенти Хасан Рухани өзөктүк келишимдин негизиндеги убадаларынын бир бөлүгүн токтотушкандарын жана келишимдин тараптарына Ирандын кызыкчылыктарын коргой турган чараларды көрүшү үчүн 60 күн мөөнөт беришкендерин билдирген.



Тектеш кабарлар