Путин үч стратегиялык маанидеги ракеталык суу астынан сүзүүчү кеменин флотуна кошулганын айтты

Путин, Орусиянын Санкт-Петербург шаарында эки согуштук кеменин курулушу убагында сүйлөгөн сөзүндө өлкөсүнүн кеме өнөр жайына баа берди.

1188937
Путин үч стратегиялык маанидеги ракеталык суу астынан сүзүүчү кеменин флотуна кошулганын айтты

Орусиянын президенти Владимир Путин, 2012-жылдан бери үч стратегиялык маанидеги ракеталык суу астынан сүзүүчү кеме орун алган 80ден ашуун согуштук кемесинин Орусиянын деңиз флотуна кошулганын билдирди.

Путин, Орусиянын Санкт-Петербург шаарында эки согуштук кеменин курулушу убагында сүйлөгөн сөзүндө өлкөсүнүн кеме өнөр жайына баа берди.

Кеме курулушу тууралуу бир топ долбоордун өнүктүрүлүү баскычында болгонуна көңүл бурган Путин: «Кемелердин убагында курула турганын ойлоодомун. Бул, Орусиянын жакын жана ыраакы деңиз аймактарындагы кызыкчылыктарынын жана деңиз чек араларынын корголушу үчүн маанилүү»,-деди.

Орусиянын деңиз флотунун күчтөндүрүлүшүнүн керектүүлүгүнө токтолгон Путин: «2012-жылдан бери үч стратегиялык маанидеги ракеталык суу астынан сүзүүчү кеме орун алган 80ден ашуун согуштук кеме Орусиянын деңиз флотуна кошулду»,-деп айтты.

Путин, Орусиянын кеме өнөр жайынын адистик жана илимий технологиялык потенциалын арттыруусун уланта турганын кошумчалады.



Тектеш кабарлар