Жашыруун көрүстөндөрдө 45 кишинин сөөгү табылды

Окуяга байланыштуу териштирүү башталганы билдирилди.

1184256
Жашыруун көрүстөндөрдө 45 кишинин сөөгү табылды

Мексиканын Сонора жана Халиско аймактарындагы жашыруун көрүстөндөрдө 45 кишинин сөөгү табылды.

Прокурордуктун билдирүүсүндө, 30 сөөктүн Соноранын Кажема аймагында, 15 сөөктүн болсо Халисконун Гвадалахаре шаарында табылгандыгы белгиленди.

Сөөктөрдү аныктоого аракет кылынганы жана окуяга байланыштуу териштирүү башталганы билдирилди.

Мексикада жашыруун көрүстөндөр көбүнчө баңгизат бандалары тарабынан курмандардын сөөктөрүн жашыруу үчүн колдонулат.

Мексиканын ички иштер министрлигинин өткөн жылдагы билдирүүсүндө, 2018-жылдын биринчи алты айында өлкөдө 15 миң 973 кылмыш жасалганы, бул сандын андан мурунку жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 16 пайыз өскөнү белгиленген эле.

Отчетко караганда дүйнөдөгү эң коркунучтуу 10 шаардын 5и Мексикада жайгашкан.



Тектеш кабарлар