Ирандын президентинин буйругу

Хасан Рухани Улуттук атомдук технология күнүнөн улам Тегеранда өткөрүлгөн жарманкеге катышты.

1179878
Ирандын президентинин буйругу

 

Ирандын президенти Хасан Рухани Натанзедеги атомдук энергия станциясында 20 даана өнүктүрүлгөн IR6 центрифуга курууга буйрук берди.

Улуттук атомдук технология күнүнөн улам баш калаа Тегеранда өткөрүлгөн жарманкеге катышкан Рухини, Атом энергиясы мекемесинин жетекчиси Али Экбер Салихи менен 114 атомдук өнөр жай технологиясын таанытты.

Бул жерден Ирандын түштүгүндөгү Бушехр аймагына караштуу Натанзедеги атомдук станцияга видео конференция аркылуу байланышкан Рухани, 20 даана өнүктүрүлгөн IR6 центрифуга курууга буйрук берди.

Рухани IR6 центрифуга менен катар плазма технологиясы, калдыктарды сактоочу жана MV6 электрон тездетүүчү аппарат боюнча атомдук долбоорлордун да ачылышын ишке ашырды.

IR6 центрифуга долбоорунун кыска мөөнөттүн ичинде аяктаары жана сыноо баскычы баштала турганы белгиленди.



Тектеш кабарлар