Жаңы Зеландиядагы кол салуудан жабыркагандарга колдоо...
Кайрымдуулук фондго 139 өлкөдөн 9 миллион 400 миң долларлык каражат топтолду.
Жаңы Зеландиянын Крайстчерч шаарындагы террордук кол салуудан каза тапкандардын жакындары жана жаракат алгандар үчүн ачылган кайрымдуулук эсебине 139 өлкөдөн 9 миллион 400 миң долларлык каражат чогулганы билдирилди.
Жаңы Зеландиядагы жабырлануучуларга колдоо көрсөтүү топтору кеңеши тарабынан Крайстчерч кол салуусунан жабыркагандар үчүн ачылган фондго түшкөн каражаттар 9 миллион доллардан ашты.
Ушул учурга чейин 139 өлкөдөн 95 миң 419 киши тарабынан кайрымдуулук каражаты жиберилгени такталды.
15-мартта ачылган фондго которулган кайрымдуулук каражатынын суммасы 9 миллион 356 миң 601 долларга жетти.
Жаңы Зеландиянын Крайстчерч шаарындагы Аль Нур жана Линвуд мечиттерине болгон террордук кол салууда арасында аялдар жана балдар да болгон 50 киши каза тапкан.