Ооганстанда Нооруз иш-чараларына карай кол салуу болду
Майрамдоолор учурунда 3 бомба жарылды.
1167879
Ооганстандын баш калаасы Кабулда Нооруз майрамдоолору өтүп жаткан Карте-и Сахи аймагында удаама-удаа болгон 3 кол салуудан 6 киши көз жумду.
Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Насрат Рахими билдирүүсүндө, Карте-и Сахи аймагында Нооруз иш-чаралары өтүп жаткан аймакка жакын жерге жайгаштырылган 3 бомбанын майрамдоолор учурунда жарылганын айтты.
Кол салууда 6 кишинин каза тапканын билдирген Рахими, 23 кишинин да жаракат алганын белгиледи.
Саламаттык сактоо министрлиги, жаракат алгандардын экөөнүн абалынын оор экенин билдирди.
Кол салуунун жоопкерчилигин азырынча эч ким мойнуна ала элек.