Идлибге карата абадан кол салуу жасалды

Ел Факии айылына жасалган абадан кол салууда бир эле үй  - бүлөдөн 5 жаран каза болуп, 5 жаран жараланды.

1167846
Идлибге карата абадан кол салуу жасалды

Сирияда Идлиб келишпестиктерин азайтуу аймагынын чектеринин ичиндеги Ел Факии айылына жасалган абадан кол салууда бир эле үй  - бүлөдөн 5 жаран каза болуп, 5 жаран жараланды.

Идлибдин батыш жана түштүк  - чыгыштагы айылдарына  кечки сааттарда абадан операция жүргүзүлдү.

Оппозициячылдарга таандык учак байкоо үйү социалдык медиада : «Латакиядагы Хымеймим базасынан Орусияга таандык 6 аскердик учак жергиликтүү убакыт боюнча саат 01:00 чамаларында учуп, кол салды»,- деген билдирүү бөлүшүлдү.

Жарандык коргонуу булактарынан алынган маалыматка караганда эрте мененки сааттарга чейин созулган абадан кол салууларда бир эле үй  - бүлөдөн төрт бала жана ата каза болуп, Жарандык коргоо топтору энени уранды астынан жаралуу куткарды.

Асад режими жана Иран колдогон террорист топтордун Сочи макулдашуусун бузуп  «Идлиб келишпестигин азайтуу аймагы» ичиндеги жарандык отурукташууларга бул жылдын башынан баштап жасаган аба жана кургактыктан кол салууларында эң аз 152 жаран каза болуп, 445тен ашуун жаран жараланды.

Режим күчтөрү Түркия жана Орусиянын ортосунда Идлибдеги ок атышпоону түзүү үчүн кол коюлган Сочи макулдашуусуна карабастан кол салууларын улантууда. Астана келишимдеринин алкагында Асад режиминин кепили болгон Орусиянын режим кол салууларына тоскоол болуу милдеттери бар.

Аскердик оппозициячылдар болсо 2018 -  жылы 17 -  сентябрда кол коюлган Сочи макулдашуусу күткөн аймактан оор куралдарын 2018 -  жылы 10  - октябрда алып чыккан.

 



Тектеш кабарлар