Израилдин премьер - министри 6 ислам өлкөсү менен байланышта экендигин айтты

Израилдин премьер  - министри Беньямин Нетаньяху кыска убакыт мурда «душман» деп кабыл алган 6 ислам өлкөсү менен байланышта экендигин бирок мунун жашыруун экендигин айтты.

1162370
Израилдин премьер - министри 6 ислам өлкөсү менен байланышта экендигин айтты

Израилдин премьер  - министри Беньямин Нетаньяху кыска убакыт мурда «душман» деп кабыл алган 6 ислам өлкөсү менен байланышта экендигин бирок мунун жашыруун экендигин айтты.

Нетаньяху 1967 -  жылдагы «Алты күн согушунда» Израилдин премьер  - министри болгон Леви Эшколду эскерүү аземинде сүйлөгөн сөзүндө : «Кыска убакыт мурда  Израиль душманы деп атаган 6 негизги ислам өлкөсү менен байланыштабыз»,- деди.

Атын атабаган бул өлкөлөр менен байланыштын тынчтык процесси үчүн абдан маанилүү экендигин айткан Нетаньяху : «Башка коңшу өлкөлөр менен келишим, байланыш түзүүдө алдыга жылуу бар бирок баары менен эмес»,- деди.

Нетаньяху Израиль коомчулугунун араб өлкөлөрү менен карым  - катнаштардын калыбына келишинин аз гана бөлүгүн көрө алгандыгын, карым  - катнаштардын чоң бөлүгүнүн жашыруун түрдө улантылып жаткандыгын билдирди.

АКШнын жол башчылыгында Польшанын борбор шаары Варшавада 13 – 14 -  февралда өткөрүлгөн «Жакынкы Чыгышта тынчтык жана коопсуздуктун келечегин колдоо» конференциясына Израилдин премьер  - министри Нетаньяху менен бир топ араб өлкөсүнөн министр жана башка жетекчи да катышкан.

Конференцияда Бириккен Араб Эмирликтери, Бахрейн, Катар, Рман жана Йемендин тышкы иштер министрлери, Сауд Арабиядан тышкы карым  - катнаштардан жооктуу мамлекетик министр катышкан. Ливан жана Палестина бойкот кылган конференцияга Булуң өлкөлөрүнөн Кувейттен болсо тышкы иштер министринин орун басары катышкан.

Нетаьяху 26 -  октябрда Булуң өлкөлөрүнөн Оманга барып Король Кабус Бин Саид менен жолугушкан.



Тектеш кабарлар