Японияда жер титирөө жана цунамиде каза болгондор эскерилди

Япон өкмөтү апааттан кийин саламаттык сактоо же апаат тууралуу башка маселелерден улам кийинки жылдарда 3 миң 700дөн ашуун кишинин каза болгондугун белгилеп жатат.

1161232
Японияда жер титирөө жана цунамиде каза болгондор эскерилди

Японияда 2011 – жылы 11 -  мартта болгон 9 баллдык жер титирөө жана андан кийин болгон цунамиде каза болгондор жана азыр да дайыны табылбаган миңдеген кишини эскерүү үчүн салтанат өткөрүлдү.

Борбор шаар Токиодо император Акихитонун кичүү уулу принц Фумихито, премьер  - министр Шинзо Абе жана башка өкмөт жетекчилери менен курман болгондордун жакындары катышкан расмий аземде 8 жыл мурунку апаатта каза болгондор үчүн бир минуталык эскерүү болду.

Премьер  - министр Абе өкмөттүн апааттан жабыр тарткандардын муктаждыктарынын түрдүү деңгээлде камсыз кылынышы үчүн кемчиликсиз колдоо берүү жана кайрадан куруу иштерин дагы да ылдамдатуу убадасы менен иштерин улантышарын айтып, жабыр тарткандарга колдоо берүүнү улантуу убадасын берди.

Принц Фумихито : «Жабыр тарткандардын, өзгөчө да күн өткөн сайын дагы да күчтөн тайган кары – картаңдарда физиологиялык жана моралдык жактан тынчсыздануудамын»,- деди.

Апааттан бери 8 жыл өттү. Аймактан кеткен кишилерден 52 миңинин азыр да үйлөрүнө кайтпагандыгын айткан Фумихито : «Жогорку радиация деңгээлинен улам үйлөрүнө кайтпаган кишилер  мени кейитип жатат»,- деди.  

Жалпы өлкөдө да эл 8 жыл мурда 9 баллдык жер титирөө болгон, жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:46да бир минуталык эскерүүдө болду.

Япония улуттук полиция агенттигинин билдиргенине караганда апаатта көпчүлүгү Имате, Мияги жана Фукусима аймактарынан болуу менен 15 миң 897 киши каза болуп, 2 миң 533 кишиден болсо кабар алына албай жатат.

Япон өкмөтү апааттан кийин саламаттык сактоо же апаат тууралуу башка маселелерден улам кийинки жылдарда 3 миң 700дөн ашуун кишинин каза болгондугун белгилеп жатат.



Тектеш кабарлар