Венесуэлада өкмөт жана оппозиция митингдер менен тирешүүдө

Өкмөт «саботаж», оппозициянын болсо «Электр энергиясынын базиси жаңыланбаганы» себеби менен аянттарга чыгууда.

1160382
Венесуэлада өкмөт жана оппозиция митингдер менен тирешүүдө

Венесуэлада өкмөт жана оппозицияны колдоочулар өлкөдө бир күндөн ашык убакытка созулган электр энергиясынын үзгүлтүккө учуроосунан кийин кайрадан көчөгө чыгууда.

Президент Николас Мадурону колдоочулардын шаардын борборунда өткөрө турган жүрүшүнүн Президенттик сарайы Мирафлорестин алдында соңуна чыгышы жана бул жерде Мадуронун сөз сүйлөөсү күтүлүп жатат.

Өзүн убактылуу мамлекет башчы деп жарыялаган Улуттук Парламенттин төрагасы Хуан Гуайдону жактоочулар болсо Чакао районунда чогулуп жатышат. Өлкөнү бир күндөн ашуун караңгы түндө калтырган электр жарыгынын үзгүлтүккө учуратылышынын себебинен оппозициянын митингине чоң катышуу боло турганы айтылууда.

Бул учурда оппозициянын митингинде Гуайдо сөз сүйлөй турган платформа коопсуздук күчтөрү тарабынан алып салынды. Платформаны курган 3 кишинин болсо кармалып кеткени айтылды. Оппозиция митинг жоюлбаганын, Гуайдонун аянтка келип жүк унаасынын үстүндө сөз сүйлөй турганын жарыялады.

Өлкөдөгү электр энергиясынын үзгүлтүккө учаратылышы чоң көлөмдө жоюлду, борбор шаар Каракаста турмуш калыбына келе баштаса да транспортто кечигүүлөр болуп жатат.

Өкмөт «саботаж», оппозициянын болсо «Электр энергиясынын базиси жаңыланбаганы» себеби менен аянттарга чыгууда. Улуттук электр системасынын топтору тынымсыз эмгектенип жатканы билдирилди.

Президент Мадуро, социалдык бөлүшүү барагындагы жарыясында Улуттук электр системасынын топтору талыкпай эмгектенип жатканына басым жасады.

Венесуэла калкынын «Мекен чыккынчылары тарабынан жасалган бул жаңы кол салууга каршы кайдыгер калбай колдошуусу» мактоого арзырлык экенин айткан Мадуро: «Жеңебиз»,-деди.



Тектеш кабарлар