Газпром рубль менен биринчи жаратылыш газ сатышын ишке ашырды

Электрондук сатуу платформасы европалык керектөөчүлөргө азыркы учурдагы келишимдер менен бирге кошумча катары жаратылыш газдын сатылышына мүмкүнчүлүк түзүүдө.

1159748
Газпром рубль менен биринчи жаратылыш газ сатышын ишке ашырды

Орусиянын энергетика фирмасы Газпром Батыш Европага рубль менен биринчи жаратылыш газ сатышын аткарды.

Газпромдун экспорт бөлүгү Газпром Exportтон берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Батыш Европага рубль менен алгачкы жаратылыш газ сатышын электрондук сатуу платформасы аркылуу ишке ашыргандыгы белгиленди.

Маалыматта көз караштарына орун  берилген Газпром Exportтун генералдык директору Елена Бурмистрова : «Рубль менен аткарган сатуу бир гана соодалык эмес, ошол эле учурда символдук бир мааниге ээ болууда»,- деди.

Газпром Exportтун тарыхында Батыш Европага рубль менен биринчи жолу жаратылыш газ саткандыгын баса белгилеген Бурмистрова : «Рубль менен жаратылыш газ сатууларыбызды арттыруу менен улантууну каалайбыз»,- деди.

Электрондук сатуу платформасы европалык керектөөчүлөргө азыркы учурдагы келишимдер менен бирге кошумча катары жаратылыш газдын сатылышына мүмкүнчүлүк түзүүдө.

АКШ жана батыштык көп сандаган өлкө салган санкциялардан улам Орусия жетекчилери өлкөнүн экономикасында доллардын колдонулушун азайтууга аракет кылууда.

Орусиянын экономикалык өнүгүү министри Максим Орешкин Орусиянын финансы министрлиги жана Орусия Борбордук банкы менен өлкөнүн экономикасынын «долларсыздаштырылышы» үчүн түрдүү кадамдардын ташталарын жарыялаган.

Орусиянын Борбордук банкы жарыялаган отчетто 2018 -  жылдын экинчи чейрегинде банктын 100 миллиард долларлык резервин юан жана еврого которгондугу белгиленген.



Тектеш кабарлар