Иран, Орусия, Кытай жана Германиянын дипломаттары Иранда Сирия тууралуу жыйналыш өткөрдү

Бул тууралуу Ирандын расмий маалымат агенттиги ИРНА маалымат берди.

1158857
Иран, Орусия, Кытай жана Германиянын дипломаттары Иранда Сирия тууралуу жыйналыш өткөрдү

Иран, Орусия, Кытай жана Германиядан дипломаттардын Сирия темалуу жыйналышы борбор калаа Тегеранда өттү.

Ирандын расмий маалымат агенттиги ИРНАнын маалыматына караганда Кытайдын тышкы иштер министринин орун басары Цинь Шяодун, Орусиянын президенти Владимир Путиндин Сирия боюнча атайын өкүлү Александр Лаврентиев жана Германяинын Тышкы иштер министрлигинин Жакынкы Чыгыш боюнча башкы директору Филипп Акерманн Иранда чогулуп жыйналыш өткөрүштү.

Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Хүсейин Жабири Ансари менен өз-өзүнчө жолугушкан дипломаттар, Сириянын Конституциялык комитетинин түптөлүшү иштерин сүйлөшүштү.

Жолугушууларда айрыкча террор менен күрөшүү, Идлибде адамзат кризисинин алдын алуу, Сириянын кайрадан курулуусу жана качкындардын өлкөсүнө кайтуулары сыяктуу темалар каралганын айтты.



Тектеш кабарлар