Тарыхый саммитте макулдашуу түзүлө алган жок

Дональд Трамп менен Ким Чен Ын Ханойдо жолукту.

1154221
Тарыхый саммитте макулдашуу түзүлө алган жок

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын ортосунда Вьетнамдын баш калаасы Ханойдо өткөрүлгөн экинчи саммитте макулдашуу түзүлө алган жок.

АКШнын президенти Трамп: «Түндүк Корея менен кандайдыр бир келишимге кол койбоону чечтик»,-деди.

Түндүк Кореяга карай санкциялардын азырынча улана турганын да билдирген Трамп, Түндүк Кореянын лидери Ким Чендин ядролук жана ракеталык сыноолорду өткөрбөйм деп убада кылганын айтты.

Ак үйдүн катчысы Сара Сандерс болсо Трамп менен Кимдин ортосундагы жолугушууларда макулдашуу түзүлө албаганын бирок эки өлкөнүн ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн келечекте улана турганын белгиледи.

Сандерс эки лидердин ортосундагы жолугушууну абдан жакшы жана иштиктүү деп сыпаттады.

Бул жагдай боюнча Трамп менен Ким Чен Ын, жолугушуулар өткөрүлгөн отелден пландалгандан эрте кетишсе биргелешкен кол коюу аземи да жоюлду.



Тектеш кабарлар