Индиянын аскердик учактары Пакистан аба аянтында эреже бузду

Бомба түшкөн аянттын жана бомба калдыктарынын фотографияларын бөлүшкөн Гафур эч бир материалдык чыгым же кишилердин каза болбогондугун белгиледи.

1152814
Индиянын аскердик учактары Пакистан аба аянтында эреже бузду

Индия аба күчтөрүнө таандык аскердик учактар эреже бузган Пакистан аба аянтына бомба таштагандыгы билдирилди. Пакистан куралдуу күчтөрүнүн катчысы, генерал  - майор Асыф Гафур социалдык медиа эсеби твиттерден берген маалыматында Индия аскердик учактарынын Кашмир текшерүү жолундагы Музафферабад аймагынан Пакистан аба аянтынын эрежелерин бузгандыгын, чек арадан 5 – 6 километр ичкери кирген  учактардын бирөөсүнн Пакистан аскердик учактарынын кийлигишүүсүнөн кийин Индия тарабына качып баратып шашылыш бомба таштагандыгын белгиледи. Гафур бомбанын чек арадагы аймак Хайбер  - Пахтунхвадагы Балакот шаарынын жакындарында бир жерге түшкөндүгүн айтты.

Бомба түшкөн аянттын жана бомба калдыктарынын фотографияларын бөлүшкөн Гафур эч бир материалдык чыгым же кишилердин каза болбогондугун белгиледи.

Индияда 14 -  февралда парамилис конвоюн бутага алган бомбалуу кол салууда 44 аскер каза болуп, 20 аскер да жараланган. Дели башкаруусу кол салуу тууралуу Пакистанды күнөөлөгөн. Кол салууну айыптаган Пакистан болсо күнөлөөнү четке каккан.



Тектеш кабарлар