Македониядагы жол кырсыгы 13 кишинин өмүрүн алды

Жүргүнчүлөрдү ташыган автобус оодарылып кетти.

1144956
Македониядагы жол кырсыгы 13 кишинин өмүрүн алды

Түндүк Македониянын баш калаасы Скопьеге жакын жерде болгон жол кырсыгынан алгачкы белгилөөлөргө караганда 13 киши каза тапты.

Саламаттык сактоо министри Венко Филипче, Скопье-Калканделен авто жолунда жүргүнчүлөрдү ташыган автобустун жолдон чыгып оодарылып кеткендигин билдирди.

Филипче алгачкы белгилөөлөргө караганда 13 кишинин каза тапканын, 30 кишинин жаракат алгандыгын айтты.

Министр Филипче, тез жардам унаалары менен Скопьедеги ооруканаларга жеткирилген жаралуулардын айрымдарынын оор абалда экенин билдирди.



Тектеш кабарлар