Ливанда жаңы өкмөт курулду
Ливанда өжаңы өкмөттүн курулушу 9 айга созулду.
Ливанда 9 айга созулган иш алып баруудан киийн жаңы өкмөт курулду.
Ливанда 2018 – жылы май айында болгон жалпы элдик добуш берүүдөн кийин жаңы өкмөттү куруу менен милдеттендирилген премьер- министр Саади Харири кабинет тизмесин сунуу үчүн кечээ кечки сааттарда Баабдагы президенттик сарайына барды.
Харириден кийин парламенттин спикери Небих Берриндин да президенттик сарайга барышы менен үч тараптуу сүйлөшүү өткөрүлдү.
«Мустакбел кыймылынын» лидери Саад Хариринин премьер- министрлигинде курулган жаңы өкмөт президент Мишел Авндын бекитүүсүнөн кийин билдирилди.
Министрлер Кеңешинин секретары Фуад Филфил Бааб сарайында өткөргөн пресс- жыйынында президент Авн жана премьер- министр Харири тарабынан кол коюлган жаңы өкмөттүн 30 мүчөсүн жарыялады.
Ливанда саясий күчтөрдүн арасындагы келишпестиктерден улам жаңы өкмөттүн курулушу 9 айга жакын убакытты алды.
Тектеш кабарлар
Израилдин согушту улантуу планы
Израиль армиясынын X социалдык медиа эсебинде темага байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасалды.