АКШда акыркы 25 жылдын эң суук күндөрү

Ашыкча сууктан улам жалпы АКШда 2 миңден ашуун учак каттамы жоюлду.

1136255
АКШда акыркы 25 жылдын эң суук күндөрү

АКШ акыркы 25 жылдын эң суук күндөрүн өткөрүүдө.

Чикагодо бир киши каза болгон болсо, Индианада бир жуп кар каптаган жолдо кырсыкка учурап каза болгон. Милуоки, Детройт жана Экорсте да 3 киши көчөдө тоңгон.

Иллионис аймагына караштуу Чикагодо абанын температурасы  – 17 , ал эми ченегенде – 44 градус цельсия.

Аймактагы ашыкча сууктан улам Чикаго дарыясында муз тоңуп, шаарда бардык поезд каттамдары токтотулду.

Шаарда үйсүздөр үчүн ачылган эң чоң ысынуу борборунан бирөөсүнүн бир гана узун мөөнөттүү конокторду алуу эрежесин бузуп 800гө жакын үйсүздү кабыл алды.

Абанын температурасы нөлдөн төмөн болгон Түндүк Дакотада 24, Миннесотада 18, Висконсинде 14, Лоуада 12 градуска чейин төмөндөдү.

Ашыкча сууктан улам жалпы АКШда 2 миңден ашуун учак каттамы жоюлду.

АКШ почта кызматы да өзгөчө ашыкча суук болгон аймактарда кызмат кыла алышпай тургандарын билдирди.

АКШда акыркы 25 жылдын эң суук күндөрү болуп жаткандыгын белгилеген адистер мажбур болмоюнча тышка чыкпоо, үй жаныбарларынын тышта калбашы жана үйдөгү электр буюмдарына этият болуу тууралуу эскертүү беришти.



Тектеш кабарлар