Сомалиде кээ бир аймактар өз армиясын түзөт

Сомалидеги 6 аймактан төртөөсү жаңы бир көз карандысыз аскердик күч куруу чечимин чыгарды.

1076513
Сомалиде кээ бир аймактар өз армиясын түзөт

Сомалидеги 6 аймактан төртөөсү борбордук өкмөттүн террордук уюм Еш – Шебабга каршы ийгиликсиз болгондугун ортого салып, жаңы бир көз карандысыз аскердик күч куруу чечимин чыгарды.

Өлкөдөгү аймактар арасындагы кызматташуу кеңеши тарабынан өткөрүлгөн конференциядан кийин жарыяланган жыйынтык билдирүүсүндө жадпы өлкөдө коопсуздуктун бузулгандыгы жана текшерүүнүн кайрадан Еш – Шабаптын колуна өтөрүн белгилеп, аймактардын уюм менен күрөшүү үчүн жаңы кадам таштоо чечимин чыгаргандыгы билдирилди.

Ушуга караганда аймактар аралык коопсуздук кеңеш курулат жана аймактардын коопсуздугунун түзүлүшү менен террордук уюмдун бул жерлерден тазаланышы үчүн эки айдын ичинде ар бир аймак миң аскер жиберип, бир командирлик борбор тарабынан башкарыла турган коопсуздук күчү түзүлөт.

Өзгөчө бул жаңы аскердик күчтүн чыгымдарынын камсыз кылынышы үчүн да коопсуздук фонд түзүлөт.  Сомалидеги конференцияга Пунтланд, Галмудуг, Жубаланд жана  Түштүк Батыш аймактары кошулуп, Хиршабел жана Сомалиленд аймактарынын кошулбагандыгы билдирилди.



Тектеш кабарлар