Орус аскердик учактары Идлибге кол сала башташты

Идлиб жана тегерегинде 3 миллион жаран жашап жатат.

1042905
Орус аскердик учактары Идлибге кол сала башташты

Орус аскердик учактары Сириянын Идлиб облусунун батышы менен Хама облусунун түндүгүнө кол салды. Жергиликтүү булактар эки облуста жарандык отурукташуу жерлери менен оппозициячылдардын фронт жолдорун аткандыгын билдиришти. 

Оппозициячылдарга таандык учак байкоо үйү да социалдык медиа аркылуу берген маалыматта : "Хымеймин аскердик базасынан учкан 3 орус аскердик учагы ушул кезге чейин 20 кол жолу кол салды",- деп билдирилди. Аскердик учактардын кол салуулары улантылып каза болгон жана жаралангандардын саны тууралуу азырынча маалымат бериле элек. 

Сириянын түндүк  - батышында аскердик оппозициячылдар жана режимге каршы куралдуу группалардын текшерүүсү астындагы Идлиб 2017 -  жылы 4 - 5 - майда болгон Астана жыйынында "араздашууларды азайтуу аймагы" деп жарыяланган.

Орусия Идлиб аймагына операция үчүн даярданып жаткан Сирия режимине колдоо берүүдө. Оппозициячылдардын акыркы чеби болгон Идлиб жана тегерегинде 3 миллион жаран жашап жатат.

БУУ Идлибде ыктымалдуу кыймылдын 250 миң менен 700 миң кишини  жеринен чыгарары тууралуу эскертти. Түрк, орус жана ирандык лидерлердин 7 -  сентябрда Иранда чогулуп, Сириянын түндүк  - батышындагы абалды талкууга алуулары күтүлүүдө.

 

 



Тектеш кабарлар