Түштүк Корея Израилдин президентинин жасай турган сапарын кабыл алган жок

Түштүк Кореянын Израилдин президенти Реувен Ривлиндин бул жылы же келерки жылы Сеулга сапар менен барышын кабыл албагандыгы билдирилди.

1040774

Израилдин «Едиот Ахронот» гезитинин кабарына караганда Түштүк Корея Израилдин президенти Реувен Ривлиндин Сеулга сапар менен барышына каршы чыккандыгын бирок мунун себеби тууралуу маалымат берген жок. Кабарда Сеулдун ким тарабынан чыгарылгандыгы билинбеген бул чечиминин Израиль үчүн чоң сюрприз болгондугу билдирилип, мунун президент Ривлиндин жеке өзүнө карата мамиле эмес экендиги белгиленди. Кабарда сапрга каршы чыгуунун артында жаткан себептин Израилдин газ платформаларын коргоо үчүн андан мурда Корея кемелеринин ордуна немис кемелерин сатып алып Кореяны капаланткандыгы жана Израилдин Түштүк Кореянын мамлекет башчысы Мун Чжэ Ин менен түштүк кореялык кесиптеши Ким Чен Ындын ортосунда апрель айында өткөн саммитти куттуктабашы болушу мүмкүн экендиги белгиленди.

Тектеш кабарлар