Трамп президент болгондон кийин АКШда улутчулдук күч алды
Өлкөдөгү улутчулдук боюнча сурамжылоо жүргүзүлдү.
АКШда Дональд Трамп президент болуп шайланган 2016-жылдын ноябрь айынан бери улутчулдуктун күч алгандыгы ортого салынды.
Саясий медиа органы Politico жана изилдөө компаниясы Morning Consult, өлкөдөгү улутчулдук боюнча сурамжылоо жүргүздү.
Сурамжылоого катышкандардын 55 пайызы өлкөдөгү улуттар ортосундагы алакалардын дагы да начарлаганын белгилешсе, 18 пайыздык бөлүгү болсо бул темада кандайдыр бир өзгөрүү болгонун айтышты.
Сурамжылоого катышкан ак жүздүүлөрдүн 51 пайызы улуттар ортосундагы алакалардын начарлаганын айтышса бул катыш Африка тектүү америкалыктарда 79 пайыз, Латын тектүү америкалыктарда да 60 пайыз болду.
Ата аталган изилдөө АКШнын мурунку президенти Жорж Буш мезгилинде жүргүзүлгөндө катышуучулардын 16 пайызы, Барак Обама мезгилинде болсо 37 пайызы гана улутчулдуктун күч алгандыгын белгилешкен болчу.